• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда сегиз айда 158 млрд сомдон ашуун салык жыйналды – МСК

Экономика 0

Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында 158 млрд 25,9 млн сом чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч белгиленген пландан 2,1 млрд сомго ашык жана мындай жыйынтык акыркы жылдарда байкалган салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуунун туруктуу өсүү тенденциясын чагылдырат.

Мисалга алсак, 2019-жылы 8 айда 70,2 млрд сом, ал эми 2020-жылы 68,6 млрд сом чогултулган. 2021-жылдын 8 айында 90,9 млрд сом, ал эми 2022-жылы 131,9 млрд сом чогултууга мүмкүн болгон.

Бул сандар салык системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын салыктык башкаруунун сапатына оң таасирин тийгизгендигин күбөлөндүрөт.

Контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана электрондук эсеп-фактуралар, аналитикалык онлайн платформалар сыяктуу заманбап чечимдерди киргизүү салыктарды эсепке алуу жана чогултуу процессин бир топ жеңилдетти.

Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан аналитикалык иштер ишкердик ишти көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берип, бул өз кезегинде салык чогултуунун натыйжалуулугун жогорулатууда.

Бул натыйжаларга ошондой эле салык төлөөчүлөр арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салык кызматтарын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштеринин аркасында жетишилүүдө.

Салык кызматы ак ниеттүү салык төлөөчүлөргө жана ишкерлерге бул маанилүү жыйынтыктарга жетишүүгө активдүү кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Салык кызматы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн адилеттүү жана натыйжалуу жыйноону камсыз кылуу менен салык системасын жакшыртуу боюнча ишти улантууда, бул өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий