• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кытайдын ири провинцияларынын бири Кыргызстан менен кызматташууну бекемдөөгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Шаньдун провинциясы (КЭР) кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууну бекемдөөгө даяр. Бул тууралуу Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Лин Ву Кыргызстан менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы корпоративдик кызматташуу боюнча конференцияда билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын алдыңкы өнөр жай аймактарынын бири жана өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган Шаньдун провинциясы Кыргызстандын алдыңкы ишканаларына активдүү колдоо көрсөтүүнү пландаштырууда.

"Кызматташтыктын алкагында биз Кыргызстандын ишканалары менен өнөр жай, туризм, ошондой эле маданий-гуманитардык тармактарда активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенип жатабыз. Провинция менен өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштардын мындай чыңдалышы эки тарапка тең бизнести, туризмди жана маданий алмашууну өнүктүрүү жана кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул Кытайдын экономикалык жактан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен активдүү өз ара аракеттенүүгө жана алардын өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө умтулуусун көрсөтөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий