• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акыркы маалыматтар: 15-январга карата Кыргызстанда 607 адамдан коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 15-январга карата коронавирус 607 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 404, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 97, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 24 жана Баткен облусунда 20 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 122 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 746 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 888 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 188 миң 813 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 862 киши айыгып чыкса, 2 миң 828 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий