• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 28 адам каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 28 адам каза тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 10, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 9 адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 33 миң 844кө жетти. Илдеттен жалпы 22 миң 296 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 329ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий