• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Салык кызматынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 21-июлунда КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эмдөөнү №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери уюштурушту. Эмдөөнүн алдында ар бир кызматкердин ден соолугунун абалы текшерилди.

Эмдөөдөн аймактык салык органдарынын кызматкерлери да өтүшөт.

Ведомствонун борбордук аппаратында жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмдөө жүргүзүү кампаниясынын алкагында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу максатында коронавирустан иммунизациялоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий