• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден 271 айдоочу изин жашырган

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Жыл башынан бери жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден 271 айдоочу изин жашырган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 163нүн бети ачылган. Калган жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочуларды издеп табуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жарандардан жол кырсыктарына күбө болгон учурда тезинен "102" кызматына же нөөмөт бөлүмүнө (0312 530 181, 0509 102 122) тезинен кабарлоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий