• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акыркы сутканын ичинде коронавирустан бир кыргызстандык кайтыш болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Акыркы сутканын ичинде коронавирустан бир кыргызстандык кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада Бишкекте бир адам аталган илдеттен каза тапты.

Белгилей кетсек, 8-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 526ны түзөт. Алардын ичинен 40 миң 158 киши айыгып чыкты, 1 миң 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий