• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. Бишкекте 5 бала бакча карантинге жабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Бишкекте 5 муниципалдык бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу бүгүн брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик бөлүмүнүн адиси Чынара Исакова билдирди.

Анын айтымында, муниципалитеттин балансында 89 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.

“Тилекке каршы учурда бала бакчанын кызматкерлеринин арасынан коронавирустук инфекция аныкталгандыгына байланыштуу 5 бала бакча карантинге жабылды. Жалпысынан бүгүнкү күндө 6 педагог ооруп жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий