Акысыз беш тасма көрсөтүлөт. Бишкекте Иран кино күндөрү өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Бишкекте Иран кино күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Киноматография департаментинен билдиришти.

Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 23-январда "Манас" кинотеатрында өтүп, режиссер Абас Асгаринин "Үмүт периштеси" анимациялык тасмасы көрсөтүлдү.

Иш-чаранын ачылышына Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хосейн Ядегари, Ирадын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Абузару Тогани, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, кино күндөрү 23-25-январь күндөрү өтүп, 2 сеанс менен орун тилинде 5 тасма көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.

  • 24-январда режиссер Монир Гейдинин "Виллы" тасмасы көрсөтүлөт. Башталышы саат 12:20да. Тасма 2017-жылы тартылган. Узактыгы 95 мүнөт.
  • саат 14:10до режиссер Каве Сабагзаденин "Эмада жана Тубанын романтикалык окуясы" тасмасы тартууланат. Тасма 2019-жылы тартылган. Узактыгы 100 мүнөт.

_______________________________________________________________________________________________________

  • 25-январда үй-бүлө жана мамилелер темасына арналган "Сара жана Аида" тасмасы коюлат. Аны 2017-жылы режиссер Мазияр Мири тарткан. Узактыгы 86 мүнөт. Башталышы саат 12:20.
  • саат 14:10до режиссер Хосейн Дарабинин "Хенас" тасмасы көрсөтүлөт. Убактыгы 100 м. Тасма 2022-жылы тартылган.

Пикир

Оставить комментарий