• 87.86
  • 93.94
  • 1

Композиторлор жана обончулар арасында республикалык кароо-сынак жарыяланат

Маданият 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Композиторлор жана обончулар арасында “Жаңы обондуу ырлардын” республикалык кароо-сынак жаярыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак Маданият министрлиги, Улуттук маданий борбору жана Композиторлор союзу тарабынан уюштурулуп, улуттук маданиятты, музыкалык искусство чеберчилигин өнүктүрүүгө, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган.

Сынак таланттуу жазылган жаңы обондорду эл алдына алып чыгуу, заманбап чыгармаларды аныктоо, ырчы-вокалисттердин репертуарын байытуу, жаштардын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү, жайылтуу жана музыкалык искусствонун мындан ары өнүгүшүнө салым кошуу, кыргыз музыкалык маданиятынын алтын казынасынан омоктуу орун тапкан, кыргызстандын жерин, элин даңазалаган патриоттук, лирикалык жана балдар үчүн жаңы ырларды жаратып, кеңири жайылтуу жана жалпы элдин энчисине айландыруу менен обондуу ырлардын фондун байытуу, чыгармачылыкта улуттук оригиналдуулукту сактоо менен жаңы чыгармаларды жогорку көркөмдүктө элге жеткирүү жана урпактарга мурас калтыруу, кыргызстан элинин салттарын сактоо менен бирге өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдү атуулдук багытта тарбиялоо максатында жаңы ырларды жаратуу максатын көздөйт.

Кароо-сынак 3 баскычта өткөрүлөт. Шарттары:

- Атуулдук обондор;

- Лирикалык обондор;

- Балдар үчүн обондор;

Сынакка катышуучулардын жашына, улутуна жана кандай жанрда

музыкалык чыгармаларды сунуштоого чек коюлбайт.

Сынакка катышуучу авторлор чыгармаларынын партитурасын же клавирин 2 нускада, CD дискке же (флеш-диск) жазылган фонограммасын уюштуруу комитетке 2023-жылдын 10-декабрына чейин тапшырышат.

Жаңы ырларды тандоо конкурсу 2023-жылдын 20-декабрына чейин өткөрүлөт.

Калыстар тобу:

Кароо-сынакты баалоо жана анын жыйынтыгын чыгаруу үчүн Маданият министрлиги тарабынан сунушталган жана уюштуруучулар тарабынан бекитилген Калыстар тобу түзүлөт, анын курамына белгилүү композиторлор, музыка таанучулар, музыкант-аткаруучулар кирет. Калыстар тобунун чечими анын бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен бекитилет.

Калыстар тобунун чечими кынтыксыз деп эсептелет. (Калыстар тобу кабыл алган чечимге макул болуу менен калыстар тобунун төрагасы талаш жаралган учурлар болгон кезде сынактын тигил же бул катышуучусуна өзүнүн бир добушун бере алат жана төраганын соңку чечими талкууга алынбайт, өзгөртүлбөйт).

Калыстар тобу сыйлык фондунун өлчөмүн кыскартууга, бөлүп жиберүүгө же тапшырбай коюуга укугу бар.

Кароо-сынактын жыйынтыгы 2023-жылдын декабрь айынын аягында жыйынтыкталат.

Эскертүү: Партитура, клавир же CD диски толук болбогон документтер калыстар тобу тарабынан каралбайт.

Лауреаттардын концерти жана сыйлыктарды тапшыруу аземи 2023-жылдын декабрь айында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын (К.Осмонов) залы, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын (М.Бегалиев) чоң залы, П.Шубин атындагы музыкалык мектебинин (Г.Суранчиева) чоң залдарынын биринде белгиленген күнү өтөт.

Кароо-сынакка документтерди кабыл алуу Композиторлор союзуна (Бишкек шаары, Раззаков көч. 50) “Жаңы обондуу ырлардын” республикалык ачык кароо-сынагына” деп белгиленип жиберилиши керек.

Уюштуруу тобу жана анын милдеттери (координаторлор):

Уюштуруу тобу кароо-сынак учурунда келип түшкөн суроо талаптарды жана талаш жараткан суроолорду чечкенге укук берилет;

Уюштуруу тобунун уруксаты менен башка демөөрчүлөрдөн атайын сыйлыктарды ыйгарууга болот;

Сынакка тиешелүү бардык финансылык чыгымдар, уюштуруу иштеринин жүрүшү макулдашуунун негизинде уюштуруучулар тарабынан жүргүзүлөт;

Уюштуруу тобу бекитилген сметага ылайык байгелерди бөлүштүрүү жана төлөмдөрдү жүргүзөт (акча которуулар үчүн банк реквизиттери тапшырылышы керек). Төлөмдөр которулууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн кармоолорду эске алуу менен жүргүзүлөт;

Уюштуруу тобунун иши үчүн бекитилген сметага ылайык төлөмдөр каралган.

Байланыш номерлери:

Композиторлор союзу: 0(312) 66-43-04; 0773 71-23-15, электрондук дарек: kompozitory@mail.ru

Улуттук маданий борбору: 0(312) 66-24-04

Пикир

Оставить комментарий