• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Талас шаарында жаштар күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Талас шаарындагы Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жаштар менен жолугушуу жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Талас шаардык мэриясынын демилгеси менен уюштурулуп, ар кандай тематикалык иш-чаралар жана демилгелер аркылуу жаштарга сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү максатында өткөрүлдү.

Атап айтканда, Талас шаарынын жаш активисттери потенциалды өнүктүрүү багытындагы өздөрүнүн идеялары, демилгелери жана долбоорлору менен бөлүшүп, жаңы форматтагы пайдалуу, креативдүү иш-чаралардын идеяларын талкуулашты.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Лондондо өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар конференциясында белгиленген. Ал эми Кыргызстанда бул майрам 2002-жылдан тарта белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий