• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев УКМКга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бакчиев 2023-жылдын 23-декабрына чейин камакта болот.

Маалым болгондой, экс-депутат КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча айыпталууда. Мындай кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Эскерте кетсек, 56 жаштагы Жаныбек Бакчиев "Бир бол" фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.

Пикир

Оставить комментарий