• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Салык кызматы: Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 20 миңден ашык куту тамеки тартып алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Өлкө боюнча башаламан соода түйүндөрүнө рейддик салык контролдун жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 20 миңден ашык куту тамеки тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө "Берекет Универсал", "Аламүдүн", "Дордой Моторс", "Азиз", "Орто-Сай" (Бишкек), "Ак-Тилек" (Каракол) базарларында, мал базарында (Сокулук) акцизделчү продукцияларды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлду.

Эскерте кетсек, 1000 даанага чейин акциздик маркасы жок тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып, ал эми 1000ден ашканга 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мыйзам бузгандарга карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы ишкерлерди акциздик маркасыз тамеки продукциясын сатпоого жана акциздик марканын аныктыгын жана шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.

Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий