• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өткөн "Бахус" рейдинин жүрүшүндө 31 мас айдоочу кармалып, 542 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарында өткөн "Бахус" рейдинин жүрүшүндө эки күндө 31 мас айдоочу аныкталып, 542 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде 1 миң 665 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Анын ичинен;

- мас абалында рулга отурган 31 айдоочуга 542 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 24;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 9;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 1 601. Ар кандай эреже бузган 136 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий