• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Милиция Новопавловкадагы окуучулардын мушташы боюнча текшерүү ишин баштады

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мектеп окуучуларынын мушташы боюнча милиция кызматкерлери текшерүүнү баштады.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 16-октябрда Фрунзе менен Сад көчөсүнүн кесилишинде өспүрүмдөрдүн чогулуп жатканы жана мушташы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөп кеткен. Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

“Өспүрүмдөр мушташ болбогонун билдиришкен. Мындан сырткары, Бишкектеги ооруканалардын бирине Новопавловка айылынын 2006-жылкы А.Н. аттуу бала кайрылганы аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий