• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун эки лидери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн “Нелегал - 2021” профилактикалык иш-чарасы учурунда облус аймагында “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын эки лидери кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын бири “Солдат” каймана аты менен таанымал болгон “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын Арстанбап аймагындагы лидеринин ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган Д.А. аттуу тургуну болгон. Ал Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Мындан сырткары, “Нелегал – 2021” операциясынын алкагында Сузак району боюнча “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын лидерлеринин бири, буга чейин 3 жолу соттолгон 1954-жылы туулган И.И. кармалган.

Кармалган атуулдар өздөрү жашаган аймактарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын идеологиясын жайылтуу максатында диний окууларды уюштургандыгы белгилүү болгон. Алар социалдык тармактарда фейк аккаунттарды ачышып, ал аккаунттар аркылуу экстремисттик уюмдун атрибутикаларын, аудио жана видео материалдарын таратып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Бул фактылар боюнча тергөө амалдары толук жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери соттун кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий