Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүп жатат, - деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, эки элдин өнөр адамдарынын ортосундагы “Айтыш” сынагы 30-августта башталган. Бул айтыш Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, кыргыздын төкмө акыны Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналды.

Ачылыш аземине КР президентинин аппаратынын администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, КР маданият министри Кайрат Иманалиев, коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Айтышка кыргыз- казак тараптан 8ден акын ат салышып, бүгүн, 31-августта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий