• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө Энелер күнүнө карата театрлаштырылган концерттик программа уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Кечээ, 16-майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Энелер күнүнүн урматына Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрында "Энелер элдин тиреги" аттуу театрлаштырылган майрамдык салтанат өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанатка министр Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев катышып, энелерди майрамы менен куттуктады.

Кайрат Иманалиев куттуктоо сөзүндө "Алмустактан элди эл кылган, үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган энелерибиз болгон. Умай энеден калган улуулук кыргыз энесине берилип, кылымдарды суктантып келет. Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк энелерибизден тарта даңазалуу Курманжан Даткадай кайратман, согушту, азап тозокту, оор сыноолорду башынан өткөрүп, жүрөгү тилинип турса да эрдик менен жеңген энелерибизге таазим кылам" - деп кыргыз тарыхындагы энелерибиздин ордун баса белгиледи.

Энени урматтоо жана ардактоо, анын балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөнү бекемдөөдөгү, коомду өнүктүрүүгө салым кошуудагы маанилүү ролун тааный билүү тамыры тереңге кете тургандыгын айтты. Ошондой эле, залдагы бардык энелерге майрамдын урматына гүл белекке берилди.

Салтанаттуу иш-чара К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын жана Каракол шаардык Маданият үйүнүн артисттери тарабынан даярдалып, "Энелердин жүрөгү токтобосун" аталыштагы театралдаштырылган пролог жана адабий-музыкалуу концерттик программа менен коштолду.

Майрамдык салтанат ЭлТР, КТРКнын "Маданият-Тарых-Тил", Пирамида каналдарында жана бардык облустук медиа борборлордун телеканалдары тарабынан түз көрсөтүлдү.

Эске салсак, “Энелер күнү” 2012-жылдан тарта жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий