• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, эки жеңил унаа күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ак-Өргө конушунда мончонун 30 чарчы метр пластик шыбы жана ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Чүй жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленинский айылында жыгач устундуу тунуке жабылган гараждын 45 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 144 чарчы метр чатыры жана “Фольксфаген-Пассат” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, дөңгөлөктөрү күйгөн. Өрттүн себеби такатлууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кеңсай айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 125 чарчы метр чатыры, 100 түк чөп жана 3 тонна кебез күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий