• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акжол Махмудов Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Чемпионат Бишкек шаарында 11-апрелден 16-апрелге чейин өтүүдө.

Кыргызстандык балбан 77 кг салмак ченинде мелдештин 1/4 финалынан тарта катышып, алгач казакстандык Ибрагим Магомадов менен күч сынашып, акыркы араткети үчүн 3:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Ал эми финал үчүн беттеште Махмудов ирандык балбан Амир Али Абдини 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип чыкты.

Финалда кыргыз балбаны япониялык Нао Кусака менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Пикир

Оставить комментарий