Кызыл-Кыяда Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 15.04.24./Кабар/. Бүгүн Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун ишинк министрликтин өкүлдөрү жана Кызыл-Кыя шаарынын биринчи вице-мэри Ильяз Бабаев катышты.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар өлкө аймактарынын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган чаралардын маанилүүлүгү белгилешип, жарандарды санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырышты.

Регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форумунун алкагында өлкөнүн алдыңкы санариптик уюмдарынын өкүлдөрү СӨМгө караштуу “Түндүк”мамлекеттик мекемесинин жана “Инфоком”мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, “D-CASA – КР” долбоорунун өкүлү, “Мега”, “Beeline” жана “О” уюлдук операторлорунун өкүлдөрү өз презентацияларын жасашты.

Аймактык жаштар форумуна жогорку окуу жайлардын студенттери жана Баткен облусунун жаштар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө сан ариптик технологиялар көргөзмөсү уюштурулуп, анда студенттерге мамлекеттик кызматтарды алууда “Түндүк” тиркемесинин артыкчылыктарын кеңири айтып беришти жана көрсөтүштү, ошондой эле катышуучуларга Булуттук электрондук кол тамганы онлайн режиминде алуу маселелери боюнча консультациялык жардам көрсөтүштү.

Форумдун максаты — региондордун жашоочуларын, көбүнчө жаштарды инновациялык санариптик технологияларды колдонуу көндүмдөрүнө окутууда жаңы санариптик чечимдер жөнүндө максималдуу маалымдоо болуп саналат.

Санариптик өнүктүү министрлигинин демилгеси менен уюштурулган форум өз ишин 17-апрелде Ошто, 19-апрелде Жалал-Абадда улантат.

Алдыда ушул сыяктуу форумдар жыл ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий