Акжол Махмудовдун агасы Сыймык эл аралык мелдеште коло медаль утту

Спорт 0


Бишкек, 24.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык эки балбан Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло байгеге татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 63 кг салмакта катышып, коло үчүн кармашта казакстандык Мадияр Мальтекбаевди 9:0 эсебинде утуп алды. Ал эми 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев индиялык Ашу аттуу балбанды 8:0 эсебинде артта калтырып, коло медаль тагынды.

Аталган турнирге Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер курамасы дагы катышууда.

Белгилей кетсек, Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасында дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун агасы.

Пикир

Оставить комментарий