• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Футбол: Чемпиондор лигасынын жарым финалга чыккан командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыккан командалар белгилүү болду.

Бүгүн, 20-апрелде лиганын чейрек финалында “Интер” командасы “Бенфиканы” 5:3 (эки оюндун жыйынтыгы) эсебинде, “Манчестер сити” командасы “Баварияны” 4:1 эсебинде утуп алды.

Буга чейин “Реал” клубу “Челсини” 4:0 эсебинде (эки оюндун жыйынтыгы) утса, “Милан” командасы “Наполини” 2:1 эсебинде жеңди.

Мындан улам жарым финалга “Реал” менен “Манчестер сити”, “Интер” менен “Милан” командалары өттү.

Алгачкы беттеш 9-майда, ал эми жооптук беттеш 16-майда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий