• 87
  • 90.64
  • 0.85

Акжолтой Бекболотов Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Бекболотов Акжолтой Бекболотович Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бекболотовду бул кызматка маданият министри Алтынбек Максутов сунуштаган.

жаңы директорду эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды. “Кино тармагы аркылуу мамлекеттин идеологиясын жүргүзсө болот, андыктан кино тармагы өнүгүүгө тийиш. Акжолтой Бекболотовдун бул тармакты бийик деңгээлге көтөрөөрүнө ишеним арталы”, - деди ал.

Министр Алтынбек Максутов Акжолтой Бекболотов кино жаатында чоочун адам эмес экендигин белгилеп, бул тармакты өнүктүрүүгө бар аракетин жумшоосун суранып, ишине ийгилик каалады.

Акжолтой Бекболотов 1983-жылы 8-сентябрда Нарын облусунда төрөлгөн. 2002-2007-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Коммуникация” факультетинин “Радио, ТВ жана Кино” кафедрасын артыкчылык диплому менен аяктаган.

Акжолтой Бекболотов 16 жылдан бери кыргыз киносунда эмгектенип келет. Ал 20 ашык кыскаметраждуу даректүү, 10дон ашык кыскаметраждуу ойномо, 15тен ашык фильмдердин продюсери. “Курманжан Датка” тарыхый-эпикалык көркөм фильминин 2-оператору, “Көргүм келет”, “Асман алдында”, “Атанын керээзи”, “Дарак ыры”, “Шамбала”, “Эрмен жыты” “Арно” сыяктуу толукметраждуу көркөм фильмдердин коючу-оператору болуп иштеген. Анын операторлук иштери жогорку көркөмдүк деңгээли жана кесипкөйлүгү менен айырмалангандыктан жогорудагы фильмдер эл аралык абройлуу кинофестивалдарда “Мыкты оператор” байгелерин ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий