• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташиев 33 жаштагы жаранга биринчи жолу өздүгүн аныктаган документ тапшырды

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды.

Көрүлгөн чаралардын негизинде 33 жаштагы М.Чернышовго КР улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.

2023-жылдын 16-мартында Чернышов социалдык тармак аркылуу УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу жасаган.

1990-жылы биологиялык ата-энелери М.Чернышовду Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күндөн кийин аны Чернышов Алексей Максимович (1994-ж. каза болгон) жана Чернышова Татьяна Васильевна (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.

Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана КР паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий