• 87
  • 90.43
  • 0.88

"Аль-Умма" фонду Эмгек министрлигине ортопедиялык матрастары менен 85 керебет берет

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Б. Дарманкул уулу “Аль-Умма” коомдук фондунун директору Э. Сатарова менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда социалдык жардам, кайрымдуулук жана башка кызматташуу багыттары талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында "Аль-Умма" коомдук фонду тарабынан Эмгек министрлигине ортопедиялык матрастары менен 85 керебет бериле тургандыгы маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий