• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ЖКККББнын айрым жетекчилери жер-жерлерге ротацияланды - тизме

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Ички иштер министринин буйругунун негизинде айрым жетекчилер жер-жерлерге ротацияланды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Ротацияланган жетекчилер:

- КР ИИМдин ЖКККББнын Ысык-Кѳл ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги Жангабылов Бактыбек Кемелович, ушул эле башкы башкармалыктын Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги кызматына дайындалды;

- КР ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын начальниги Исаков Алмазбек Карыпович, ушул эле башкы башкармалыктын Талас ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги кызматына дайындалды;

- КР ИИМдин ЖКККББнын Талас ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги Барпив Максат Таалайбекович, ушул эле башкы башкармалыктын Ысык-Кѳл ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги кызматына дайындалды;

- КР ИИМдин ЖКККББнын ЖКК жана укук колдонуу практика башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын капитаны Шергазиев Узакбек Жаныбекович, ушул эле башкы башкармалыктын Ош ОИИБ боюнча ЖКККБнүн начальниги кызматына дайындалды;

- КР ИИМдин ЖКККББнын Ош ОИИБ боюнча ЖККБнын начальниги милициянын полковниги Досов Авазбек Маканбаевич, ушул эле башкы башкармалыктын Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын начальнигинин милдеттерин убактылуу аткаруучу кызматына дайындалды;

- КР ИИМдин ЖКККББнын Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын Жумаев Жакыпбек Кеңешбекович, ээлеген кызмат ордунан тѳмѳндѳтүү менен бошотулуп, КР ИИМдин ЖКККББнын карамагына калтырылды.

Кѳрсѳтүлгѳн жетекчилер 13-февралдан тартып дайындалган аймакта кызматка киришет.

Пикир

Оставить комментарий