Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери жүрүп жатат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Бишкекте Ала-Арча дарыясынын нугун механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тазалоо иштерине "Бишкекжашылкурулуш" жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылып, суунун нугу Ахунбаев көчөсүндөгү көпүрөдөн түштүктү карай тазаланууда.

Бул багыттагы иштерди жүргүзүү каналдагы таштандылардан арылууга жардам берет. Бул багыттагы иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий