• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган турист куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ала-Арча капчыгайынын Жарылган-Жүрөк тоосунда Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда чет өлкөлүк туристтин абалы каанаттандыралык.

Пикир

Оставить комментарий