• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ала-Арча капчыгайында бутун сындырып алган туристке жардам көрсөтүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынан түшүп келе жатып бутун сындырып алган туристке куткаруучулар тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 9-сентябрь күнү болуп, куткаруучулар 10-сентябрга караган түнү менен деңиз деңгээлинен болжол менен 2800 метр бийиктиктеги тоодон 5 туристтин ичинен бутун сындырып алган 1988-жылы туулган Т. А. аттуу аял кишини алып түшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аталган турист Казакстандын жараны болгон. Ал эми калган 4 турист жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий