• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жыгач устундуу шифер жабылган мончонун 40 чарчы метр чатыры жана 2 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Манас районундагыЧеч-Добо айылында жалпы аянты 36 чарчы метр болгон сарай жана ичинде жыйылган 4 куб тактай күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий