• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нарында Молдонун-Бели ашуусунда калган айдоочулар куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Кечээ, 16-ноябрда саат 14:15те “Кара-Кече” көмүр кенине баруучу унаа жолдогу Молдонун-Бели ашуусунда кар калың жаап, 9 оор жүк ташуучу унаа чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, мындан улам Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жетектеген ыкчам топ жана дагы 3 куткаруучу жериндеги абал менен таанышып, 9 айдоочуну ашуудан алып түшүп, үйлөрүнө жеткиришкен.

Учурда алардын абалы жакшы. Ал эми кар калың жаап жаткандыгына байланыштуу унаалар Молдонун-Бели ашуусунда калтырылган.

Эске салсак, аталган унаа жолу Ак-Талаа РМА башчысынын 2022-жылдын 3-ноябрь күнү чыгарылган №01-36-а/237 буйругу менен жол каттамы убактылуу жабылган.

Пикир

Оставить комментарий