• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта эки унаа кагышып, 10 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Таласта эки унаа кагышып, 10 адам жабыркады, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун болжол менен саат 22:25тер чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 59-чакырымында "Ауди-С4" жана "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жеңил жаркаттарды алган.

Жабыркагандар Талас облустук жана Чат-Базар айылындагы ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий