• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 19.09.23./Кабар/. Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, 6-7-8-кабаттагы батирлердин балкондорунан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 17:42те толук өчүрүлгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий