Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Өзгөндө турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча, Ош облусундагы Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.
Жерине ӨКМден жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.
Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.
Пикир
Оставить комментарий