• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Шумкар” атайын багыттагы полкунда милиция күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунда 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 97 жылдык кесиптик майрамга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара мамлекеттин ички тартибин, жарандардын коопсуздугун коргоо үчүн кылмышкерлер менен күрөшүүдө курман болгон кызматкерлерди эскерип, алардын эстелигине гүл коюу менен башталды.

Белгиленгендей, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 10 кызматкери кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон.

Салтанаттуу иш-чарада полктун командири Аскат Султаналиев өздүк курамды жана ардагерлерди куттуктап, сөз сүйлөдү. "Мамлекетибиздин коомдук тартибин бекемдөө, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жөнөкөй эмес оор кызматыңыздарды, атуулдук абийир менен татыктуу аткарып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин кызмат жогорку кесипкөйлүүлүктү, эрктүүлүктү жеке адептүүлүктү талап кылыт. Ошол себептен ар бирибиз берген антыбызга бек туруп, элдин бейкуттугуна арналган кызматыбызды ар качан ийгиликтер коштосун", - деди ал.

Ошондой эле, Кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымдары үчүн полктун кызматкерлери жана ардагерлери ички иштер министринин жана полктун командиринин буйруктары менен ар кандай медалдар, грамоталар менен сыйланып, атайын наамдар ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий