• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан жана БАнын бейөкмөт уюмдары «Кумтөр» боюнча Канада премьерине кайрылуу жасашты

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Борбор Азиянын бейөкмөт уюмдары Центерра алтын казуу компаниясынын «Кумтөр» кениндеги аракеттери үчүн Канаданын премьер-министри Джастин Трюдоага кайрылуу жасашты.

«Биз сизге бүгүнкү кундөгү экологиялык абалдын бузулушу, кылымдардан бери бүтүндөй Кыргызстандын жана Борбор Азия элин таза ичүүчү суу менен камсыз кылган тоо ландшафттарынын жок болуп кетүү жана дарыялардын агымынын булгануу коркунучуна алып келди. Учурда пайда болгон глобалдык мүнөздөгү кырдаал Борбор Азиядагы мөңгү жана тоолордун сакталышына түздөн-түз байланыштуу», - дешет бейөкмөт уюмдар.

Белгиленгендей, кайрылуу инвестиция жана пайдалуу кен байлыктарды иштетүүнүн шылтоосу астында аймактык башкаруу кызматтары менен эл аралык корпорацияларынын коррупциялык системаны орнотуу фактыларын, Кумтөр Eath@Enviromental Company (AMEC) жана америкалык Enviromental Resources Management компаниясынын (ERM) экологиялык экспертизасын жүргүзгөн эл аралык уюмдардын корутундулары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коммисиясынын 2012-жылдан 2021-жылга чейинки текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, калктын жана мамлекеттин келечегине коркунуч келтирип, бүтүндөй континенттин климатына терс таасирин тийгизип жаткан фактыларды ачык көрсөтүүгө багытталган.

Активисттер Канаданын премьер-министринен «Кумтөр» алтын кенинин кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери үчүн, мөңгүлөргө карата адамкерчиликсиз мамиле жасап, Нарын жана Сырдарыя дарыялары башталган тоонун эң бийик жерлеринде цианид жана башка зыяндуу химиялык заттардын таштандыларын жашыргандыгы үчүн Центерра, анын ичинде Центерранын президенти, компанияда кызмат көрсөткөн Канаданын жарандарына, Канаданын мыйзамдарына ылайык, тийиштүү тергөө жүргүзүп, расмий юридикалык баа берүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөт.

«Биз Канаданын өкмөтүнөн сиздин жеке сайтыныз жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу расмий жооп алууга ишеним артабыз. Биз биздин кайрылуубузга көңул бурасыз деп шенебиз», - деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууну "Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин”, “Туура Кадам" коомдук бирикмесинин, "Кыргызстан лидерлери" бейөкмөт уюмунун, “Жаңы Муун” коомдук фонду сыяктуу бейөкмөт уюмдар жөнөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий