Ала-Арча суу сактагычына 13 жаштагы бала чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Аламүдүн районуна караштуу Калыс-Ордо жаңы конушундагы Ала-Арча суу сактагычына 13 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, саат 19:35те баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий