• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түптө жол кырсыгынан беш адам ар кандай жаракат алышты

Кырсык 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Түп районунда Ауди С4 менен Mitsubishi Carisma үлгүлөрүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы И.у К. жана К.Ж., 23 жаштагы Б.у А., 30 жаштагы Ө.у Д., 37 жаштагы А.А. аттуу эркек кишилер ар кандай жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий