• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

"Ала-Арча" жаратылыш паркында жаңы ресторан ачылды – видео

Коом 0


Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы ресторан ачылды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал жарандарды жаратылыш койнунда эс алып, даамдуу тамактарды татып көрүүгө чакырды.

“Сизди кыргыздын кооз тоолорунун жана кереметтүү табияттын фонунда ырахат алууга чакырабыз. Жайлуу атмосфера, таза аба жана укмуштуудай көрүнүштөр сиздин эс алууңузду унутулгус кылат. Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен келип, мыкты тамактарыбызды татып көрүңүз”, - деди Туманбаев.

Пикир

Оставить комментарий