Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Ала-Бука – Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, транспорт министри Тилек Текебаев Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барып, анын алкагында аталган унаа жолдун абалы менен таанышып, автожолду асфальттоо иш жакынкы арада башталарын билдирди.
Мындан тышкары, министр Таш-Көмүр – Ак-Суу – Жаңы-Талап унаа жолунун абалы менен таанышты. Абалды жеринен көргөн министр алдыда аткарыла турган иштер туурасында кеп козгоп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.
Пикир
Оставить комментарий