• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Орунбеков: Биринчи айым акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. "Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз", - деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий