Ала-Бука районундагы Ажек айылында жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ала-Бука районундагы иш сапарынын алкагында Ажек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты.

Аземде өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу сөз кылган төрага Нурланбек Шакиев: “Анын ичинен билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ири долбоорлор ишке ашырылууда. Акыркы жылдары эле 200дөн ашуун жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Андан тышкары, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып, керектүү колдоолор көрсөтүлүүдө. Бул албетте чек эмес, дагы көп иштер жасалат. Анткени, агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Ошондо гана мектепке мыкты мугалимдерди тартып, билим берүүнүн сапатын көтөрө алабыз”, - деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште жасалып жаткан иштер жөнүндө да учкай кеп кылган Төрага депутаттар аймактарды өнүктүрүү багытында жигердүү иш алып барып жатканын кошумчалады. Буга мисал катары Ала-Бука шайлоо округунан депутат болуп шайланган Азизбек Турсунбаев калк турмушун жакшыртуу багытында көптөгөн демилгелерди көтөрүп келе жатканын белгиледи.

Сөзүнүн аягында өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин айткан Нурланбек Шакиев мугалимдер менен ата-энелерди эриш-аркак иш алып барып, балдарга татыктуу таалим-тарбия берүүгө чакырды.

Муну менен катар агартуучуларга ийгиликтерди каалаган төрага жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Эскерте кетсек, 225 орундуу мектептин курулушуна жалпы 67 млн сомдон ашуун каражат сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий