Корумду – Балбай унаа жолун реконструкциялоо иштерине даярдыктар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев «Чайна Роуд» жол куруучу компаниясынын Корумду – Балбай унаа жолун реконструкциялоого даярдыгынан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жалпы баасы 106 млн долларга бааланган унаа жолду реконструкциялоо долбоору аймактын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу кадам болуп саналат. Долбоордун алкагында өзүнчө велосипеддик жол салынат жана жарык берүүчү жол чырактар орнотулат.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Араб координациялык тобу 93,9 млн доллар бөлүнгөн. Кыргызстандын салымы 12,1 млн доллар.

Облус башчы Уланбек Далиев долбоордун ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирип, анын туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн маанисин чоң экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, экологиялык коопсуздукту сактоо максатында, реконструкциялоо иштерине «Чайна Роуд» компаниясы тарабынан аймакка 100дөн ашык HOWO электр жүк ташуучу унаалары алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий