• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облустук милициясында иш кагаздардын туура жүргүзүлүшү боюнча семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын жыйындар залында кыргыз тилинде иш кагаздарынын туура жазылышы боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ИИМдин башкы штабынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов, башкы адис Дастан Бердибеков, Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын орун басары Марат Масиркулов, ОИИБдин бөлүм жана кызмат башчылары, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Айбек Орозакунов жетекчилик курамды туура эмес жазылган иш кагаздарына байкабай кол коюудан сак болууга чакырды. Ошондой эле кыргыз тилиндеги бардык сөздөргө кылдат көңүл буруу керектигин белгиледи.

Кыргыз тилинде жазылган иш кагаздарында каталарды кетирбөө максатында бир катар мисалдар келтирилип, туура жазуу эрежелери айтылды.

Ички иштер органдарына тиешелүү болгон кыскартылган сөздөргө мүчө улаган учурлар, алардын жазылуу тартиби көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, орус тилинен которулган сөздөрдү кыргыз тилинде туура пайдалануу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий