• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык-Көлдө билим берүү мекемелерине өрт өчүрүү шаймандары тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы билим берүү мекемелерине өрт өчүрүү шаймандары тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаймандарды ЮНИСЕФ эл аралык уюму жана Кызыл Жарым Ай коому билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздугун камсыздоо максатында алып берген.

"Өрт өчүрүү шаймандары “Мектептерди, бала-бакчаларды өрт кооптуулугунан коргоо” долбоорунун алкагында тапшырылды. Анын ичинде айры, күрөк, чака, өрт өчүргүч, үн күчөткүч, өрт такталары сыяктуу шаймандар бар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий