Ошто эшек уурдоо менен алектенген эки бала кармалды

Аймак 0

Ош, 23.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында эшек уурдоо менен алектенген эки бала кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун берген маалыматы боюнча, Жапалак айылында жашаган 1999-жылкы А.М., жана 2000-жылы туулган П.А., аттуу эки жаран кармалган. Алар октябрь жана ноябрь айларында тааныш коңшуларынын эшектерин уурдап, андан соң аларды кытайларга сатып жүрүшкөн. Эки айдын ичинде 8 эшек уурдап, ар бирин 8 миң сомдон өткөрүшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында кытай ишканасынын аймагында жүргөн эшектерди кожоюндары таанышкан. Жаныбарлар кожоюндарына кайтарылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурулук) ылайык, кылмыш иши козголду. Балдар үй камагына алынды. Иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий