• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарынын мэри эттин баасын арзандатуу максатында ишкерлер менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев эттин баасын арзандатуу максатында ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин шаар тургундары эт жана башка азык-түлүктөрдүн баалары башка аймактарга салыштырмалуу Нарын шаарында кымбат болуп жаткандыгын билдиришкен.

Мындан улам Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев эт саткан соодагерлер менен жолугушуп, баасын арзандатуу максатында сүйлөштү.

Соодагерлер баа негизсиз көтөрүлбөгөндүгүн, тоют жана башка чыгамдар да кымбаттаганына байланыштуу баа коюлуп жаткандыгын айтышты.

Шаар жетекчиси соодагерлерге колдон келишинче карапайым калкка жардам берүүнү айтып, жылкы жана уй этин 490, ал эми кой этин 510 сомдон сатууга макулдашты.

Жыйында Салык кызматынын өкүлү мамлекет тарабынан ишкерлерге көп эле колдоолор көрсөтүлүп жаткандыгын айтып, соодагерлердин айрымдары патент албай жатканын белгилеп, патент алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий