• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад милициясы жарандарды кооперативдерге катталууда этият болууга чакырат — ролик

Аймак 0


Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды кооперативдерге катталууда этият болууга чакырган видеоролик даярдады.

Анда кооперативдерди белгилүү адамдар жарнама кылары, ага карапайым адамдар ишенип, материалдык чыгымга учурап жаткандыгы айтылат. Роликтин мазмунунда облустук милиция жарандарды кыймылсыз мүлк сатып алууда мамлекеттик ипотекалык компания же мамлекеттик банктарга кайрылуу керектигин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий