• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунда бир суткада 11 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 25-апрелден 26-апрелге чейин мас абалында унаа башкарган 11 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында мас абалында унаа айдап, айыппулду өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 8 унаа айып аянтчасына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий